• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош: Мэр алтын сертификатка ээ болгон окуучуларга планшеттерди белекке берди

Аймак 0

Бишкек, 25.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 25-июнда Ош шаарынын мэриясында шаар мэри Айтмамат Кадырбаев КРнын 2018-жылдагы эң мыкты 50 абитуриенттеринин катарына кирген, өзгөчө сертификаттарга ээ болгон Ош шаарынын окуучуларын , алардын мугалимдерин жана ата-энелерин кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда Айтмамат Кадырбаев окуучуларды бул жетишкендиктери менен куттуктап, ата-энелерине жана мугалимдерине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле шаар мэри окуучуларга планшеттерди белекке берди.

Алар жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку бааларга ээ болгон Мырзагүл Алмазбек кызы 219 балл, Акназар Амиракунов 219 балл жана Таттыгүл Абдимаматова 221 балл.

Пикир

Оставить комментарий