• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош: Облустук милициянын өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгы боюнча окутуулар өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги өздүк курамдын кызматтык-күжүрмөн даярдыгы сабагын өткөрдү. Бул тууралуу облстук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

2022-жылдын 7-апрелде Ош ОИИБдин жетекчиси Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында заманбап тейлѳѳ сапатын жогорулатуу, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, жарандардын укуктарын коргоо багытында ѳздүк курамды окутуп-үйрѳтүүдѳ заманбап техникаларды, жаңы окуу ыкмаларды өздөштүрүү багытында окуу иштерин жолго коё баштады.

Ушул багыттагы өздүк курамдын кесиптик денгээлин жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбия иштеринин жүрүшү боюнча Ош ОИИБдин начальнигинин орун басары Улан Асанбаев өздүк курамдын кызматтык даярдыгын көздөн өткөрдү.

КР ички иштер министри Улан Ниязбековдун төмөнкүдөй төрт багыттан турган тапшырма койгон:

- коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугуна терс таасирин тийгизе турган жагдайларга, криминалдык жагдайларга анализ мониторинг жүргүзүп, келип чыгуучу бардык учурларга жеринде бөгөт коюу иштери жүргүзүлсүн;

- элдин турмуш-тиричилигине өз кедергисин тийгизип, анын жыйынтыгы менен нааразычылыктарды алып келе турган уурулук кылмыштарына карата бөгөт коюу боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлсүн. Кылмыштуулукту алдын алуу үчүн атайын пропагандалык маанидеги иш-чараларды алып баруу боюнча уюштуруу чаралары көрүлсүн;

- “Үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” президенттин жарлыгынын аткарылышы, андан сырткары жол кырсыктарын болтурбоо жана санын азайтуу, чек-ара аймактарында кайгуул иштерин улантуу, азык-түлүк товарларын аткезчилик жолу менен сыртка чыгарып кетүүгө бөгөт коюу, көчөлөрдө, коомдук жайларда кылмыштарды, укук бузууларды болтурбоо үчүн туруктуу негизде иш алып баруу боюнча “Милициянын көчмө кабылдамалары”, “Кайгуул топтору”, “Жол кыймылынын коопсуздугу посттору”, “Чек ара аймактарындагы кайгуулдар” күнү-түнү иш алып баруусу улантылсын;

- ар бир жетекчи өзү тейлеген аймакта катталган кылмыштарга, окуяларга карата мониторинг иштерин алып барып, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз байланышта иш-чаралар аткарылсын. Биринчи чейректи ийгиликтүү жыйынтыктоо боюнча уюштуруу чараларын көрүп, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштери учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо белгиленген тартипте жүргүзүлсүн. Андан тышкары, алдыда келе жаткан туристтик сезонго карата элге сервистик тейлөө көрсөтүүнү ишке ашыруу максатында коомдук коопсуздук даярдыктары көрүлсүн. Анын ичинде, күч-каражаттарды туура бөлүштүрүү, участкалык инспекторлорду кызматтык кийимдер жана заманбап санарип жабдыктар менен камсыздоо, коомдук жайларга видео-камераларды орнотуу, жол коопсуздугунун коркунучтарын алдын алуу жана башка бардык келип чыгышы мүмкүн болгон көйгөйлөр алдын ала жеринде чечилсин;

Улан Асанбаев аталган тапшырмаларды аткаруу максатында даярдыкты кандай өткөрүп жаткандыгын көзөмөлдөп, коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу жагы, өздүк курамды окутуу биринчи кезекте турарын, ошон үчүн окутуу багытында Ош ОИИБде жалпы 58 окуу тайпалары бар, жумасына эки ирет окуу-тарбия иштери өткөрүлүп турарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий