• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сак болуңуз! Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Сак болуңуз! Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында, күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.

Пикир

Оставить комментарий