• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облустук милициясы дайынсыз болуп жаткан Нурмухамед кызы Марияны издейт

Аймак 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Кара-Кулжа районунун тургуну Нурмухамед кызы Марияны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнөт. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал 2022-жылдын 26-январь күнү болжол менен саат 07:00 чамаларында Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Асан-Чек айылынан чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, дене түзүлүшү орто келген, чачы күрөң түстө, кашы-көзү кара, мурду кыргаач келген. Кийимдери: башында кызыл түстөгү жолук, үстүндө кара түстөгү толстовка, кызыл түстөгү жеңи жок жемпир, кара түстөгү юбка, бутунда кышкы бут кийим.

"Нурмухамед кызы Марияны көргөндөр же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюнуздарды суранабыз: (03232) 5-31-81, (03222) 5-81-28, 0558 82 48 80, 0707 33 43 23", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий