• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусу боюнча 50дөн ашык санитардык-карантиндик пост орнотулган - Нурдинов

Аймак 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Ош облусу боюнча 50дөн ашык санитардык-карантиндик пост орнотулган. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, санитардык-карантиндик посттор менен кошо курчоо посттору да орнотулган.

"Ош шаарында 15ге жакын курчоо посту бар. Ал эми Ош боюнча 50дөн ашык карантиндик-санитардык пост коюлган", - деп белгиледи Нурдинов.

30-мартка карата Кыргызстанда 94 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 49, Ош облусунда – 33, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 1 учур. Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды.

Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий