• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө абал учурунда кайсы мекеме жана кызматтардын иши токтотулбайт? – тизмеси

Коом 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Республикалык штаб өзгөчө абал учурунда ишмердүүлүгүнө тыюу салынбаган мекеме, кызматтардын тизмесин чыгарды.

Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн тизмеси:

1. Саламаттыкты сактоо системасы:

- ооруканалар;

- лаборатордук кызматтар;

- үйүндө мед. кызматтарды көрсөткөн мекемелер;

- бардык менчик формадагы мед. мекемелер;

- ветеринардык тез жардам кызматтары;

- мед. товарларынын дистрибуциясы.

2. Шаар инфраструктурасы жана коммуналдык кызматтар:

- электр энергия компаниялары;

- суу менен камсыз кылуу;

- электриктер жана сантехниктердин кызматтары;

- өрт өчүрүү кызматы;

- көчөлөрдү жана имараттарды тазалоо кызматтары;

- калдыктарды жана таштандыларды чогултуу, кайра иштетүү жана жок кылуу;

- дезинфекция;

- телекоммуникациялар (карантин мезгилинде абоненттик бөлүмдөрдүн 50% жабылсын, сайтка иштеген бөлүмдөрдүн тизмеси чыгарылсын, иштөө убактысын 10:00дөн 16:00гө чейин чектелсин, техколдоо кызматкерлеринин жүрүүсүнө уруксат берилет – базалык станцияларга барууну камсыздоо);

- аэропорттор;

- темир жол бекеттери;

- почталык, курьердик жана жүк ташуу кызматтары;

- соц. камсыздоо.

3. Кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы:

- тамак-аш өнөр жайы;

- айыл чарбасы;

- биринчи керектүү товарларды өндүрүү;

- химреагенттер;

- дары-дармек препараттары;

- мед. жабдуулар жана аспаптар;

- үй үчүн кагаз буюмдары;

- жеӊил өнөр жайы (ден соолук жана гигиена товарлары);

4. Чекене соода-сатык, тамактануу жана курулуш кызматтары:

- азык-түлүк дүкөндөрү;

- дарыканалар;

- Күйүүчү май куюу жайлары;

- ресторандар, барлар, кафе, ашканалар – алып кетүүгө гана иштейт;

5. Башка маанилүү кызматтар:

- азык-түлүктөр, дары-дармектер жана медициналык препараттарды жеткирүү кызматтары – 07:00дөн 20:00гө чейин иштөөгө уруксат берилет;

- азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди жана мед. каражаттарды дистрибуция кампалары;

- банк кызматтары (иштөө убактысы 9:00дөн 18:00гө чейин чектелди, шаар ичинде инкассаторлорго, байланыш-борборлорунун кызматкерлерине, техколдоо, кассир, телеком.жабдуулары жүктөлгөн унааларга жүрүүгө уруксат берилет);

- мейманканалар, хостелдер (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);

*Эскертүү: меймаканалардын, хостелдердин ичиндеги ишканалар өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотушу керек.

- жатаканалар (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);

- карылар үйлөрү;

- балдар үйлөрү;

- үйү жоктор үчүн баш калкалоо жайлары;

- жаныбарлар үчүн баш калкалоо жайлары;

- ритуалдык жана мүрзө кызматтар агенттиги.

Эскертүү: унаа каражаттары жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы керек; буга чейин шаарга кирип-чыгууга уруксат кагаздары берилген кызматтардын кызматкерлери аралыктан иштөөгө өтүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий