• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунан Баткенге 60 тонна гуманитардык жардам жиберилди

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Ош облусунан Баткенге 60 тонна гуманитардык жардам жиберилди, - деп билдирет өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, анын басымдуу бөлүгү азык-түлүк, 17 тонна картошка, 3 тонна ун жана өсүмдүк майы жөнөтүлдү. Жалпы 3 миллион сомдук гуманитардык жардам жиберилет.

"Мындан сырткары, Ош облусунун жарандарынын демилгеси менен жардамдар келе баштады. Ал эми акчалай жардам берүүнү каалаган жарандар үчүн атайын эсеп ачылат. Бүгүн, саат 16:00дө Ош облусунан Баткенге гуманитардык жардамдын экинчи партиясы жиберилет", - деп кошумчалашты облустук өкүлчүлүктөн.

Пикир

Оставить комментарий