• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык окуучу кыз Түркияда өткөн музыкалык сынакта биринчиликти багындырды

Аймак 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Ош шаарындагы «Профессор П.Купуев атындагы билим берүү Академиясынын» 5-классынын окуучусу Дарига Тайлакбаева Түркиянын Адана шаарында өткөн «Yurt Сağdaş Kültür ve Sanat» аттуу онлайн музыкалык сынагында биринчи орунду багындырды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жеңүүчүнү мэр Алмаз Мамбетов кабыл алып, жетишкендиги менен куттуктады. Шаар башчысы жаш талантка ийгилик каалап, келечек муундардын талантын, аракетин, жөндөмүн колдоого даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, эми аталган сынактын жеңүүчүлөрү жана шаардагы мектептердин активдүү 16 окуучусу «П.Купуев атындагы билим берүү Академиясынан» акысыз билим ала алышат. Бул аркылуу көп балалуу үй-бүлөлөргө, ата-энесиз балдарга, мугалимдердин жана дарыгерлердин балдарына колдоо көрсөтүү максатталган.

Пикир

Оставить комментарий