• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балыкчыда аскер кызматчыларынын тоо даярдыгы боюнча окуу-машыгуу жыйындары өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Балыкчы шаарындагы «Эдельвейс» Тоо окуу борборунда Коргоо министрлигинин кошуундарынын жана бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары менен тоо даярдыгы боюнча окуу-машыгуу жыйындары өтүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык-аналитикалык иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындардын максаты - аскер кызматчыларынын жалпы физикалык даярдыгын жана моралдык-эрктүү сапаттарын жогорулатуу, тоо-кен тоскоолдуктарын жеңүүдө өздүк курамдын көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн бекемдөө.

Сабактардын жүрүшүндө аскер кызматчылары инструкторлордун жетекчилиги астында тоо тоскоолдуктарын жеңүүнүн техникасы, тоолуу аймактын муз жана кар жаткан жерлери боюнча жүрүү, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана аларды кол менен ташууну уюштуруу боюнча окуу маселелерин өздөштүрүүдө. Жыйындын акыркы күндөрүндө катышуучулар ар кандай категориядагы кыйынчылыктары бар чокуларга чыгышат.

Эске салсак, жыйын 2022-жылдын 25-февралына чейин өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий