• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакыт Төрөбаев балык чарбасы менен алектенген ишкерлер менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Чүй облусунун Чүй районунда балык чарбасы менен алектенген ишкерлер менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, иш сапарынын алкагында министр "Аква Пром” ЖЧКсынын балык өстүргөн инкубациялык цехинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бүгүнкү күндө бул цех Америкадан форель балыгынын икрасын алып келип, инкубация кылууда. Дээрлик миллионго чукул малёк өстүрүлүүдө.

Жолугушууда ишкерлер тарабынан балык чарбасын өнүктүрүү үчүн тоскоол болгон жагдайлар жана кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүү зарылдыгы тууралуу пикир алмашуу, талкуу болду.

Өзгөчө балык өстүргөн чарбалардын башын кошуп бирикме түзүү менен суунун тазалыгын жана багылган балыктын адамга зыяны жоктугун көзөмөлдөө жеңил болору айтылды.

Ошондой эле жайыт катары эсептелген пайдаланууга жараксыз саналган саздак жерлерге мамлекет тарабынан балык өстүрүүгө үчүн мыйзамдуу түрдө тийиштүү уруксат кагазы берилип, жердин жана колдонгон суунун документтери стандартка шайкеш келтирилсе, балыкты сыртка экспорттоо үчүн керектүү көлөмгө жетүүгө мүмкүн экени баса белгиленди.

Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев ишкерлерди маселелерин чечүүгө мамлекеттик тиешелүү органдар тарабынан мүмкүн болгон бардык шарттар түзүлүп, ар тараптуу колдоолор көрсөтүлө турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий