• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Рустам Жокоев Транспорт каражаттарын каттоо мамагенттигинин директорунун орун басарлыгына дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Рустам Жокоев министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ал эми президенттин маалымат кызматы тараткан маалыматка ылайык, Рустам Жокоевге министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жокоев Рустам Жумакановичке министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий