• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Камил Чоткараев Кочкор районунун акими болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Камил Чоткараев Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Чоткараев Камил Алияскарович Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кочкор районунун буга чейинки акими Эрмекбай Омошев президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий