• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактар алынды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Жалал-Абадда мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактар алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэриянын тийиштүү кызматкерлери, мамлекеттик тил боюнча адистер менен биргеликте бүгүн, 14-мартта шаардын борбордук көчөлөрүндө мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактардан арылуу максатында рейд уюштурду.

Рейддин жүрүшүндө эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар (баннер) жеринде алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, соода түйүндөрүнө, ашканаларга, дүкөн ээлерине эскертүүлөр берилди.

Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.

Пикир

Оставить комментарий