• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ат-Башы районунун жетекчилиги бөбөктөрдү майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Ат-Башы районунун жетекчилиги ата-энесинен эрте ажыраган, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөрдү куттуктап, белектерди тапшырды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүндө Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы Нурбек Сатаров, биринчи орун басары Максат Кадыркулов жана Ажар Дүйшөналиева болуп райондун айылдарын кыдырып, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинен эрте ажыраган бөбөктөрдүн үйлөрүнө барып майрамдык маанай тартуулашты. Ал эми Ат-Башы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери атайын жомок каармандарын жаратып, бөбөктөрдүн маанайын көтөрүшсө, акимчилик менен бирге райондогу айрым мекеме жетекчилиги белектерин тапшырышты.

Кубанычтары койнуна батпаган бөбөктөр, күтүлбөгөн белектерге, жомок каармандарына ырахматтарын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий