• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Эл артисти Талгарбек Жакшылыков дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыков дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маркумду акыркы узатуу зыйнаты эртең, 15-мартта саат 11:00 А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөт.

Талгар Жакшылыков 1964-жылы Алматы облусунун Балкаш районундагы Куйган кыштагында туулган.

1984-1986-жылдары Караколдогу Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 1987-жылдан 1993-жылга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хорунда ырдаган. 1993-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин аталган театрда узак жылдар бою солист катары эмгектенген.

1998-жылдан тарта Кыргыз улуттук консерваториясында иштей баштаган. Жеке ырчылык кафедрасынын улук окутуучусу, доценти болгон.

Талгар Жакшылыков чет элдик, орус жана кыргыз композиторлорунун операларында 40тан ашык ролду ырдаган. 2003-жылы ал эң жогорку баага - Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий