• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте куруучулардын кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Бишкекте өлкө куруучуларынын кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

Курулуш тармагынын кызматкерлерин өлкө президенти, жалпы министрлер кабинети жана жеке өзүнүн атынан куттуктаган Бакыт Төрөбаев, калктын бакубат жашоосуна багытталган жеткиликтүү кызматтар менен камсыз кылуу куруучулардын негизги максаттарынын бири экендигин билдирди.

“Алдыда өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон, жарандардын турак-жай шарттарын жакшыртууга, жаңы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык жана коммерциялык объектилерди курууга жана оңдоого багытталган көптөгөн долбоорлор жана милдеттер турат. Ал милдеттерди аткарууга сиздердин билимиңиздер жана мүмкүнчүлүгүңүздөр толук жетиштүү деп ишенем”, – деди ал.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле 2023-жылдын планы менен 491 объекттинин курулушуна жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен жалпы суммасы 8 млрд сомдон ашуун каражат каралып, олуттуу жумуштар аткарылып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, быйыл жалпы билим берүүчү мекемелеринин курулушунун саны өлкө эгемендик алган жылдан бери жогорку көрсөткүчтө. Маселен, 2023-жылы республика боюнча 204 мектептин курулушу башталган. Анын ичинен 100 мектеп жыл аягына чейин колдонууга берилет. Жаңы окуу жылына 36 мектептин курулушу бүткөрүлүп, даяр болду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары салтанаттуу иш-чаранын соңунда мамлекеттин курулуш тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон куруучуларга министрлер кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий