• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Ысык-Ата районуна жаңы аким дайындады

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Эрмекбай Омошев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Омошев Эрмекбай Алянович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Ал ошондой эле президенттин жарлыгы менен мурда ээлеген кызмат ордунан Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким кызматынан бошотулган.

Белгилей кетсек, президент райондун буга чейинки акими Алмазбек Осмонов кызматынан бошотту. Ага анын ишеничтен кеткениндиги себеп болгондугу айтылат.

Пикир

Оставить комментарий