• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри Астанада ШКУнун жыйынына катышууда

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Астана шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин жетинчи жыйынына катышууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Бейшеналиев пленардык жыйында сөз сүйлөп жатып ШКУ ага мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө кызматташууну чыңдоодо олуттуу роль ойной турганын жана маалымат алмашууга, алдыңкы медициналык билимдерди жана методдорду берүүгө көмөктөшөөрүн баса белгиледи.

"Бүгүнкү иш-чаранын күн тартибинде жакынкы бир нече жылда биздин өлкөлөрдүн саламаттык сактоо тутумунун өнүгүшүнө таасир этиши мүмкүн болгон абдан орчундуу маселелер каралат, ошондой эле биздин ортобуздагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн негиз болуп саналат. Алардын арасында саламаттыкты сактоо тармагында тажрыйба алмашууну жана кызматташууну күчөтүүгө, клиникалык сунуштарды жана клиникалык практиканы түзүү, эне жана баланын ден соолугун коргоону камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жүрөк-кан тамыр жана башка жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө, ШКУнун медициналык ассоциациясын түзүү, саламаттык сактоо тармагында эмгектенген жаш адистердин ишмердүүлүгүн колдоого багытталган 2025-2027-жылдарга ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги чаралардын планын бекитүү", - деди министр.

Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев жогоруда аталган багыттар биздин өлкөлөрдө да өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары болуп саналарын белгиледи.

"Республикада кадрдык потенциалды чыңдоо максатында "Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин реестри" маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана саламаттыкты сактоо системасында башкаруучу кадрлардын резервин түзүү аяктады. Кадрдык ресурстарды чыңдоо жана жогорулатуу салттуу түрдө биргелешкен иш-чаралар аркылуу сапаттуу жана эффективдүү тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет. Ошого байланыштуу ШКУ өлкөлөрүндө, биринчи кезекте Кытайда, Россияда жана башка бул багытта олуттуу потенциалы бар башка өлкөлөрдө базалык жетектөөчү жана алдынкы борборлор аныкталса жакшы болмок", - деди Бейшеналиев.

Ал ошондой эле жаш кадрларды өстүрүү жана колдоого көңүл буруу зарылдыгын, мисалы, ШКУ өлкөлөрүнүн биргелешкен Жаш адистер академиясын жана Жаш окумуштуулар мектебин (институционалдаштыруусуз) күч-аракеттерди бириктирүү жана ШКУ өлкөлөрүндө адам ресурстарын чыңдоо маселелерин талкуулоо үчүн аянтча катары уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну кошумчалады.

"ШКУ өлкөлөрүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча эл аралык медициналык конгресстерин өткөрүү аркылуу ШКУ өлкөлөрүндө дарыгерлерди жана медайымдарды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча өз ара аракеттенүүнү жана иш-чараларды уюштуруу зарылдыгын эске алуу менен. "Мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү тажрыйбасы биздин өлкөлөрдүн кадрдык потенциалын чыңдоого чоң салым кошот деп ишенем, ошондуктан кесиптештеримден бул сунушту колдоону суранам", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Маалымат үчүн: Жыйындын жүрүшүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү, эл аралык уюмдардын ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагындагы ролу, саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык маселелер талкууланууда. Ошондой эле 2025-2027-жылдарга саламаттык сактоо тармагында ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча негизги чаралардын планын бекитүү жана жыйынтыктоочу протоколго кол коюу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий