• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда 9 айда 110 ишкана ачылган

Аймак 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө коллегиялык жыйын өтүп, быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыктары чыгарылды.

Жыйынга район жетекчилери, облус башчысы ж.б. катышкан.

Жыйында белгилүү болгондой, 1-октябрга карата облуста 110 ишкана ачылып, 516 жаңы жумушчу орун түзүлгөн. Андан тышкары, 18 ветеринардык-эксперттик лаборатория, 7 ветеринардык-диагностикалык борбор, 109 ветеринардык сервис жана 2 чоң касапкана ачылган.

Жыл аягына чейин Жалал-Абад облусунда 18 айылга таза суу тартылат.

Пикир

Оставить комментарий