• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдар азайтылды. Президент жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыктын максаты - республикалык бюджеттен чыгашаларды иретке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу.

Жарлыктын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынды, атап айтканда, парламентарийлердин кызматтык айлыктары төмөндөтүлдү.

Ошентип:

- Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматтык айлыгы 30 миң сом өлчөмүндө аныкталсын;

- вице-спикерлер – 27 миң сом:

- парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларына - 26 миң сом:

- депутаттарга - 25 миң сом.

«Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Президенттин Жарлыгы жаңы бюджеттик саясатты - мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик чыгашаларды негиздүү үнөмдөөнү демилгелейт.

Жарлыкта бюджеттик чөйрөдөгү абалды жакшыртуу механизми камтылган, ал эми иш жүзүндө эч кандай каражат жумшалбайт.

Жарлыкта бюджеттик чөйрөдөгү кырдаалды жакшыртуу боюнча механизм киргизилген, аны менен бирге эч кандай каражат коротулбайт. Механизмди “Мамлекет каражатына карап иш кылыш керек” деген жалпыга маалым принцип менен мүнөздөсө болот. Башкача айтканда, мамлекеттик аппаратты кармаш үчүн коротулган мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын кескин үнөмдөө. Механизм ар кыл өлкөлөрдө татаал экономикалык реформаларды өткөрүү мезгилинде ар дайым ийгилик менен колдонулуп келген. “Чамаңа чактап иш кыл” урааны алдында Балтия, Чыгыш жана Борбордук Европанын өлкөлөрүндө (Эстония, Латвия, Польша, Чехия, Венгрия) мамлекеттик башкаруу реформалары ийгиликтүү өткөн.

Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө саясаты бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болгон нормативтик мүнөзгө ээ болду. Жарлыкта республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу каралган. Маселен, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Бул Жарлык менен компенсациялар жана кызматтык унаалар алынып салынды, ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарына бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий