• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-августта, саат 03:01де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 балл жана Шибээ айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий