• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы “Дордой Моторс” базырынын аймагында жайгашкан “Сыймык” ашканасынын 60 чарчы метр аянты, 12 даана стол, 40 даана отургуч, сыналгы жана муздаткыч күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кенжекул айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 48 чарчы метр, турак үйдүн 5 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий