• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунда социалдык көмүр базалары ачылды

Аймак 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен Ош облусунун аймагында арзандатылган көмүр сатуучу социалдык көмүр базалары ачылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-октябрь күнү Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов аталган көмүр базалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, облус аймагында жалпы 30 социалдык көмүр базалары иштеп жатат, кара алтындын баасы ал базаларда 4,70тыйындан 5,50 тыйынга чейин сатылып жатканын билдирди

«Биз көмүр казган ишкерлер менен сүйлөшүп, көмүрдүн баасын 5 сомдон койгонбуз. Мен буга чейин айткандай буга көпчүлүк ишенген эмес. Бул ишке ашпайт дегендер болду. Облус боюнча социалдык объектилер толук көмүр менен камсыз болуп бүттү. Бүгүнкү күндө элди арзан көмүр менен камсыз кылуу иштери уланууда. Бул баа көмүр сезон бүткөнгө чейин сакталат», - деди Зиядин Жалалдинов.

Ош облусунун райондорунда ачылган социалдык көмүр базалары тууралуу маалымат:

Араван району:

1. А.Анаров айыл өкмөтү, Араван айылынын Ош-3000 көчөсү (мурдагы тамеки пунктунун жанындагы аянт);

2. С.Юсупов айыл өкмөтү, Араван айылынын М.Султанов көчөсү, Хоздвор;

3. Тепе-Коргон айыл өкмөтү, Арпа айылындагы Пахта заводунун аймагы;

Кара-Суу району:

1. Шарк айыл өкмөтү, Медресе (фуркат);

2. Шарк айыл өкмөтү, Фуркат айылы (дубай кафеси);

3. Төлөйкөн айыл өкмөтү, Жапалак айылы;

4. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү, Кашкар-Кыштак айылы;

5. Сарай айыл өкмөтү, Кара-Суу базары;

Ноокат району:

1. Н.Исанов айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Базар айылы;

2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтү, Көтөрмө айылы;

3. Зулпуев айыл өкмөтү, Ата-Мерек айылы;

4. А.Мирмахмудов айыл өкмөтү, Үч Баарын;

5. Кара-Таш айыл өкмөтү, Кара-Таш айылы, 4-бригада;

6. Гулистан айыл өкмөтү, Гулистан айылы;

7. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Жаңы-Ноокат айылы;

8. Көк-Жар айыл өкмөтү, Көк-Жар айылы;

9. Төөлөс айыл өкмөтү, Ай-Тамга айылы;

10. Кулатов айыл өкмөтү, Кызыл-Булак айылы, Куу майдан участкасы;

Өзгөн району:

1. Жылалды айыл өкмөтү, Прогресс айылы;

2. Куршаб айыл өкмөтү, Куршаб айылы;

3. Дөң-Булак айыл өкмөтү, Бахмал-2 участкасы;

4. Мырза-Аке айыл өкмөтү, Мырза-Аке айылы;

5. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү, Лесхоз айылы;

6. Өзгөн шаары, Жаныбек Казы кварталы;

Кара-Кулжа району:

1. Кара-Кулжа айыл өкмөтү, Т.Жээнбеков көчөсү №3;

2. Ылай-Талаа айыл өкмөтү, Р.Сатыбаев көчөсү №70 үй;

Чоң-Алай району:

1. Чоң-Алай айыл өкмөтү, Дароот-Коргон айылы, ПМК участкасы;

2. Жекенди айыл өкмөтү, Жекенди айылынын Кашат участкасы;

3. Кашка-Суу айыл өкмөтү, Кашка-Суу айылы.

Пикир

Оставить комментарий