• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде Р4 каналынын курулушу жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Баткен районунун Дара жана Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы 1500 гектар дың жерди өздөштүрүү үчүн узундугу 46 км болгон Р4 каналынын курулушу жүрүп жатат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, курулуш иштерин Кытай тарап каржылап жатат. Кайтарымсыз негизде берилген гранттын жалпы суммасы 500 млн. сом.

"Бүгүнкү күнгө курулуш үчүн 129,0 млн сом каражат бөлүнгөн. Алгач мурдагы 16 км магистралдык канал бузулуп, кайра курулууда. Учурда каналдын 6 чакырымы курулуп бүттү. Ал үчүн 70 млн сом каражат жумшалды. Андан соң 30 км ички чарбалык бөлүштүрүүчү (лоток) кичи каналдар курулат", - деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, ишти өз убагында бүткөрүү максатында жергиликтүү бийлик ар тараптуу колдоо көрсөтүп, мындан ары да тыгыз кызматташтыкта иш алып барылаарын белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий