• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда социалдык шаарча, оорукана жана мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-октябрда Ош облусунда Кувейттин Ас-Сафа коомдук фондунун колдоосу менен социалдык шаарча, оорукана жана мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндө оорукана жана мектептин жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү Эшме айылында 152 үй-бүлө үчүн “Эне жана балдарды коргоого багытталган ” социалдык шаарча ачылды. Аталган жайлардын ачылыш аземине президенттин өкүлү Зиядин Жамалдинов жана Ас-Сафа коомдук бирикмесинин жетекчилиги, өкүлдөрү катышты.

Пайдаланууга берилген жаңы социалдык обьектер:

- Кувейт мамлекетинин “Ас-Сафа” фондунун каржылоосу менен Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Эшме айылындагы 4 гектар жерге заман талабына ылайык, бардык шарттары бар 152 кожолукка 38 батир, ФАП, азык-түлүк дүкөнү, кичи футбол аянтчасы, мечит, 40 орундуу тигүү цехи менен курулду.

- Куршаб айылында "АМАНАТ-ОШ" билим берүү мекемесин курулду. Муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көрсөтүү максатында курулган 300 орундуу билим берүү мекемеси өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

• Толугу менен эмеректелген 20 окуу бөлмөсү жана административдик кабинеттери бар эки кабаттуу окуу корпусу;

• Душ, кийим алмаштыруу жана жуунучу бөлмөлөр менен окуу корпусуна туташтырылган спорт залы;

• 104 орундуу окуучу балдар үчүн жатакана;

• 104 орундуу окуучу кыздар үчүн жатакана;

• Ашкана;

• Футбол талаасы.

- Өзгөн районундагы Куршаб жалпы дарыгердик практикалык борборуна 2 кабаттан турган жер төлөөсү менен 40 керебеттүү оорукана курулуп, пайдалнууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий