• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунун аймагында сел жүрдү - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 01.08.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 31-июль күнү саат 19:30 чамасында Кара-Кулжа районундагы жааган жамгырдын кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алай-Куу унаа жолунун 115-чыкырымында сел жүрүп, унаа жолду кум шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган. Жерине 1 жүктөгүч тартылып, саат 21:30да унаа жол бир тараптуу тазаланып ачылган.

Ошондой эле, 31-июль күнү саат 19:00 чамасында Араван районундагы жааган жамгырдын кесепетинен Ош-Папан-Кичи-Алай унаа жолунун 82-89-чыкырым аралыктарында сел жүрүп, унаа жолду кум шагылга толтурган, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган. Жерине 1 жүктөгүч тартылып, унаа жол бир тараптуу тазаланып ачылган.

Бүгүн, 1-августта толук тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий