• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош Венгриянын шаарлары менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрөт

Аймак 0

Бишкек, 20.01.23./Кабар/. Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов менен Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде боордош шаарлар менен байланыштарды өнүктүрүү багытын, билим берүү, экономика жана инвестиция тармактарын талкуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ж.Азимов Ош жана Сегед шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин орнотууну эске алуу менен түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөнү, байланыштарды өнүктүрүүнү сунуштады.

Шандор Дороги өз кезегинде келечектүү багыттарда, анын ичинде экономикалык чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн, биргелешкен ишканаларды көбөйтүүнүн, Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду аркылуу долбоорлорду колдоонун, университеттер аралык кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү жана кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий