• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында ачылган күндүзгү стационарда сегиз ыктыярчы дарыгер иштейт баштайт

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Ош шаарында ачылган күндүзгү стационарда сегиз ыктыярчы дарыгер иштейт баштай. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ыктыярчы медицина кызматкерлерин кабыл алып, ыраазычылык билдирген.

"Өз ыктыяры менен жардамга келген алгачкы 8 дарыгер-ординатор 3-4 күн атайын окуудан өтүп, жумушка киришет. Шаардык оорукана менен атайын келишим түзүлүп, айлык акы төлөнүп берилет. Жаш дарыгерлер өзгөчө кырдаал учурунда ар кандай жардамга даяр экендигин, медицина тармагында алган билимдерин эл үчүн жумшай тургандарын айтышты. Мындан башка медициналык билими бар жарандар да кайрылышып, атайын дарыгерлердин тизмеси түзүлүүдө", - деп кабарлашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий