• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында адамдар баскан жолго курулган күркөлөр алынууда – фото

Аймак 0

Бишкек. 24.05.19 /Кабар/. Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланууда.

Туран (Южный) муниципалдык аймактык башкармалыгын Төлөнов көчөсүндөгү 2 даана контейнер алынып салынды.

Мындан тышкары адамдар басуучу жолго (тротуар) курулган жалпы аянты 20 чарчы метр болгон навес алынып, жер тилкелери бошотулду.

Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча шаар мэринин протоколдук тапшырмасы берилген.

Пикир

Оставить комментарий