• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Аймак 0

Ош, 05.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Бүгүн, 5-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардыктар жана 3 миңге жакын жаштар катышты.

Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети жана маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган салтанаттуу иш-чара алгач ак калпак туурасында ыр менен башталды. Ага улай жаштар тизиле “Калпактын жандуу үлгүсүн” көрсөтүп кара жорго бийине флешмоб бийлешти. Андан соң, ар улуттун өкүлдөрү мекен, ата-эне, эне-тил, калпак туурасында кыргызча жана өз эне тилинде ырларды көркөм окушту.

Ошондой эле, салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жаштар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте патриоттуулукка чакырган ураан менен жөө жүрүш жасашты.

Эскерте кетсек, ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, жети жылдан бери Кыргызстандын булуң-бурчтарында жана чет өлкөдө жашаган кыргыздар тарабынан белгиленип келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий