• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош шаарында Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Бакытбек Жетигенов да катышып, аскер кызматкерлерин куттуктады.

“Бүгүнкү күн бир гана жоо бетинде турган жоокерлерибизге эмес, бул — биздин экономикабызга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгеги менен салымын кошуп жаткан ар бир атуулга тиешелүү деп билебиз. Ушул куттуу күнү чын жүрөгүмдөн Мекенибизде тынчтык болуп, мекен сакчылары бейпилдикте кызмат өтөөсүнө тилектештигимди билдирүү менен ар бир үй-бүлөгө жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак жана бакубатчылык каалайм. Ардагерлерибизге өрнөктүү өмүр, чың ден-соолук, узун өмүр тилейм. Ал эми жоокерлерибиз менен офицерлерибизге ийгиликтүү кызмат өтөп, Мекенди сүйүүнүн каарман үлгүсүн көрсөтүп, кайраттуу, жана күчтүү аскер болуусун каалайм”, - деди ал.

Мындан сырткары, аскер кызматкерлеринин Ата Мекендин чек арасын коргоого кошкон салымы баса белгиленип, татыктуу кызмат өтөө шарттарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтылды.

Мыкты кызматы жана жоокерлердин аскердик-патриоттук духун чыңдоого кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер Ардак грамоталары сыйланышты. Иш-чара шаардык майрамдык программа менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий