• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында бала бакчанын кошумча имараты пайдаланууга берилди – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 20.03.23. /Кабар/. Ош шаарында “Курманжан-Датка” муцниципалдык аймактык башкармалыгындагы “Балажан” бала бакчасынын кошумча имараты ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, быйылкы жылдын аягына чейин калаада дагы үч бала бакча пайдаланууга берилерин белгиледи.

Аталган бала бакчанын кошумча имаратынын курулушу жергиликтүүлөрдүн кайрылууларына ылайык, 6,5 айдын ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий