• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Памирлик кыргыздар орус жана англис тилдерин үйрөнө баштады

Аймак 0

Бишкек, 15.11.17./Кабар/. Нарын облусуна убактылуу көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар орус жана англис тилдерин, компьютерде иштөөнү үйрөнө башташты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда алар Нарын шаарындагы №86 кесиптик лицейдин базасында окуп жатышат.

Памирлик кыргыздарга сабактарды Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери берүүдө.

Алардын айтымына караганда, учурда алар “Алиппени” жакшы өздөштүрүп калышты. Каалоочулар үчүн орус жана англис тилдери боюнча атайын ийримдер уюштурулган.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Афган Ислам республикасынын Кичи Памир жана Чоң Памир жергесине уюштурулган экспедиция 33 этникалык кыргыздарды, билим берүү максатында, 2017-жылдын 13-октябрында Нарын облусуна алып келген.

Пикир

Оставить комментарий