• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында балдар күнүнө карата бир катар майрамдык иш-чаралар өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарында балдар күнүнө карата бир катар майрамдык иш-чаралар өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаардагы Токтогул эс алуу багында, Бабур атындагы музыкалык академиялык драм театрында жана Ош шаардык кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда балдар үчүн ыр-бийлер жаңырып, оюн-зооктор уюштурулду.

Маалыматка ылайык, майрамдык салтанатта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан куттуктоолор айтылып, балдарга белектер, таттуулар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий