• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында быйыл эки мектеп колдонууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 14.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 24-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен №18 Навои жана №20 И.Раззаков атындагы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп, айрым жаралган маселелерди жеринде чечип, курулуш иштерин ылдамдатуу талабын койду.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев акыркы төрт жыл аралыгында 9 мектептин курулушу жүргөндүгүн белгиледи.

“Ош шаарында буга чейин 3 мектептин курулушу бүтүп, шаардыктарга тапшырылган. Ал эми быйыл эки метеп колдонууга берилсе, калгандарынын курулушу тынымсыз жүрүп жатат. Шаардагы мектептин жетишсиздигин абдан жакшы билебиз. Андыктан курулуш иштерин ылдамдатып, сапаттуу бүтүрүүнү талап кылып келебиз”, - деди А.Кадырбаев

Навои мектебинин курулушу этапка бөлүнүп жүргүзүлүүдө. 620 орунга ылайыкташтырылып, курулуштун 90% бүткөн.

Ал эми Раззаков мектеби 720 орундуу. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий