• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош шаарында кафеден чыккан өрт чектөөгө алынды

Кырсык 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Ош шаарында "Улук-Ата" кафесинен чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 14:12ден тарта ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 6 бөлүм жана автошаты жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылып, өрт саат 15:30да чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан Улук-Ата кафесинин чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы ӨКМден 6 күжүрмөн эсеп, автошаты жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий