• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Садыр Жапаров: Кийинки жылы 100 миң га жерге жайыт үрөндөрү себилет

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан II Элдик курултайда делегаттын тоолорду, экологияны сактоо жана жайытттарды калыбына келтирүү боюнча өтүнүчүнө жооп берди.

Президент климат жана тоолорду сактоо боюнча дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларга катышып, ушул жааттагы көйгөйлөрдү көтөрүп жүргөнүн жана Кыргызстанда дагы ушул багытта иштерди алып баруу үчүн каражат сураганын белгиледи.

"Ал эми жайыттарды калыбына келтирүү боюнча айта турган болсок, барыңыздарга белгилүү болгондой быйыл 10 миң гектардан ашык дегредация болуп кеткен жерлерге Россиядан алып келинген жайыт өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү себилди. Ошол урук себилген жерлерге бир жыл мал жайбашыбыз керек экен, жергиликтүү бийлик муну жакшы карап берет деп ишенем. Ошентип, келерки 10 жылдын ичинде өлкө боюнча бардык жайыт аянттарына үрөн сээп бүтөбүз. Быйыл 10 миң гектарды көрөбүз, жыйынтык жакшы болсо кийинки жылы 10 эсе көбөйтүп, 100 миң гектар жерге себебиз", - деди өлкө башчысы.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий