• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында Кыргызстан менен Россия ЖОЖдорунун III форуму өтөт

Билим 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын 13-октябрында Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму өз ишин баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумдун максаты билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстан жана Россиянын билим берүү тутумун интеграциялоо жана кадрларды биргелешип даярдоо маселелерин талкуулоо болуп саналат.

Тиешелүү министрликтердин жетекчилери, Кыргызстандын жана Россиянын ЖОЖдорунун өкүлдөрү аймактарды өнүктүрүүдө ЖОЖдордун ролун, эки өлкө университеттеринин кызматташтыгын, атап айтканда, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүк долбоорлорун, жогорку окуу жайлардын биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, илимий изилдөө иштерин, квалификацияны жогорулатуу программаларын жана кесиптик кайра даярдоо программаларын, жаштар форумдарын, жайкы жана кышкы мектептерди уюштурууну талкуулашат.

Форумду КР Билим берүү жана илим министрлиги, РФ Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, КР ЖОЖдорунун ассоциациясы, РФ ректорлор союзу, ОшМУ, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети биргеликте уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий