• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында окуучулар үчүн баңгизаттардын зыяндуулугу боюнча лекция окулду

Коом 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Ош шаарында мектеп окуучулары үчүн баңгичиликти алдын алуу боюнча лекция окулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Нариманов атындагы №7 мектептин администрациясы менен биргеликте 8-11 классынын окуучуларына "Баңгизаттар эмнеге алып барат" деген темада профилактикалык лекция уюштурушту.

Лекцияга Ош облустук вирустук гепатиттерди көзөмөлдөө жана адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу жана Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун, Ош шаарынын №8 ден соолукту чыңдоо борборунун филиалынын өкүлдөрү катышышты.

Дарыгерлер балдарга күчтүү таасир этүүчү, баңги жана психотроптук заттарды камтыган ар кандай каражаттарды колдонуу ден соолук үчүн кандай кыйратуучу кесепеттерге алып келерин айтып беришти.

Өз кезегинде БМЖКККнын кызматкерлери балдарга баңги заттарды сатуу үчүн каралган жоопкерчиликти жөнгө салуучу укуктук ченемдер тууралуу маалымат, студенттерге «акча табуу» сунушун жамынып, баңги затын сатууга тартылган жаштар тууралуу маалымат берилди.

Ошондуктан бардыгын сак болууга жана жумуш сунуштаган интернеттеги шектүү шилтемелерге кирбөөгө чакырган.

ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен даярдалган атайын профилактикалык роликтер көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий