• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы Маданият министрлигине ЖМКлардын ишмердүүлүгү боюнча 77 арыз түшкөн

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дарегине жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишмердүүлүгү боюнча 77 арыз түшкөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында ведомство башчысынын орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымына караганда, алар сайттарды жабуу же убактылуу ишин токтотуу жөнүндө гана эмес, ар кандай мүнөздөгүлөр.

"Биз белгилүү бир сайтты жабуу боюнча чечим кабыл албайбыз. Эгерде жеке жаран же юридикалык жак кандайдыр бир медиа алардын аброюна шек келтирүүдө десе, анда алар бизге кат түрүндө кайрыла алат. Биз 24 сааттын ичинде арыз түшкөн ЖМКга мониторинг жүргүзөбүз. Эгерде арызда көрсөтүлгөн нерсе анык болуп, документтер менен тастыкталса, анда биз Санариптик өнүктүрүү министрлиги аркылуу эскертүү беребиз", - деп түшүндүрдү министрдин орун басары.

Аны менен катар Чыңгыз Эсенгул уулу ЖМК жана болгерлерди тастыкталган жана ишенимдүү маалыматтарды гана таратууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий