• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында суициддин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Ош шаарында суициддин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары, педагогдор менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы өз өмүрүнө кол салуулардын алдын алуу боюнча иш чараларды тынымсыз улантып келишет. Кезектеги ушундай жолугушуу Ош шаарындагы М.Горький атындагы орто мектебинде болуп өттү. Жолугушууга милиция кызматкерлери, педагогикалык жамаат, ата-энелер, , социалдык тармактын жана дин өкүлдөрү катышышты.

Жолугушууда ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги М.Тороходжаев катышып, жаш балдарды тарбиялоодо ата-эненин орду дагы бийик, жоопкерчилиги жогору болуусу керектигине токтолду: «Күнүмдүк тиричиликке алаксып, балдарды кароосуз калтырып койгонубуз-бүгүнкү күндөгү эӊ чоӊ катачылыгыбыз болуп жатат. Ар бир бүгүнкү өспүрүм-эртеӊки келечегибиз. Алар ата-эненин мээрими менен тарбиясын убагында алышы керек. Интернет, телефон эч качан андай мээрим менен тарбияны бере албайт. Бизде «бирөөнүн баласы» деген түшүнүк болбой, ар бир өспүрүмдүн тарбиясына көӊүл бурушубуз керек. Бүгүнкү тарбиясы тайкы бала-эртеӊки коомдогу олуттуу маселе» деди М. Тороходжаев.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан түзүлгөн атайын графиктин негизинде ушул сыяктуу жолугушууларды Ош шаарынын бардык мектептеринде өткөрүү пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий