• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Сосновка” постунда стационардык аппараттык-программалык комплекс иштөөдө. 220дан ашык автоунаа кармалды

Аймак 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Жайыл районундагы "Сосновка" көзөмөл-өткөрмө постунда 25-июндан тарта стационардык аппараттык-программалык комлекс иштеп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан эскертишти.

Аталган аралыктан тарта бери бүгүнкү күнгө чейин комплекстин жардамы аркылуу ар кандай эреже бузган 220дан ашуун автоунаа кармалып, убактылуу айып аянтчасына токтотулган.

ЖКККББ алыскы жолго чыккан айдоочулардан автоунаанын айыппулдарын өз убагында төлөп, издөөдө жана камакка алынгандыгын текшерип, анан жолго чыгууну эскертет.

Азыркы учурда стационардык аппараттык-программалык комплекстерди Кыргызстандын башка аймактарына да орнотуу пландалууда.

"Сосновка" постуна коюлган стационардык аппараттык-программалык комплекс Бишкек шаарынан жана Чүй облусунун аймагынан башка аймактарга чыгып бара жаткан автоунаалардын

- издөөдө жүргөндүгүн;

- айыппулдарын өз убагында төлөбөгөндөрүн жана сотко өткөндөрүн;

- каттоосу убактылуу токтотулгандарын;

- ылдамдыкты ашырып айдагандарын жана башка баардык укук бузууларын аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий