• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында жаңы салынып жаткан жугуштуу оорулар ооруканасы 89%га бүткөрүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Ош шаарында салынып жаткан тез курулуучу, жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 89%га аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган оорукана 100 орунга эсептелген. Аны курулушу быйыл 28-июлда башталган. Азыркы тапта анын курулушуна 62,5 млн сом кеткен.

“Буйрутма аткаруучу компания тарабынан оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн, 1 жана 2-чи дарылоо блокторунун курулуш-монтаж иштери бүткөрүлдү. Жылуулук системасы, суу түтүктөрү орнотулуп, канализация тартылды. Ошондой эле эшик-терезелер, өрт сигнализациясы орнотулуп, ички жасалгалоо жана кафель чаптоо жумуштары бүткөрүлдү. Учурда брусчатка төшөө, жарыктандыруу жана оорукананын тегерегин тегиздөө иштери жүрүүдө”, - деп билдирет аталган агенттик.

Агенттиктен белгилешкендей, ооруканага керектүү эмерек жана жабдыктар сатылып алынып, учурда кычкылтек берүүчү борборлоштурулган система орнотулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий