• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында жер мунапысы боюнча келип түшкөн арыздар канаттандырылды

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 16-январда Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун төрагалыгы астында жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Күн тартибинде келип түшкөн арыздардын тизмесин добушка коюу, кайрылган 88 жарандын тизмесин бекитүү жөнүндө сунуш каралды. Комиссиянын кароосуна жыл ичинде жалпы 1999 арыз келип түшкөнү айтылып, жалпы маалымат берилди.

Мында жыл жыйынтыгы менен 844 жаранга жер тилкеси мыйзамдаштырылып, токтому чыккан. Анын ичинен 535 жаран жер тилкелерине мамлекеттик акты алышкан.

Мындан тышкары, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкан 22 айыл чарба багытында турган, социалдык, электр тармактары, газ түтүктөрү жайгашкан жер тилкелеринин схемалык пландары иштелип чыгып, бекитилген.

Ал эми 1073 жарандын арызы “Жер мунапысын жүргүзүнүн тартиби жөнүндө" жобонун талаптары боюнча жер мунапысынын обьектисине кирбегендигине байланыштуу комиссиянын кароосунан четтетилип, арыз ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий