• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын жарандары топтомо пенсияны кайсыл учурда ала алат?

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын жарандары жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалана алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

1. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү:

- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР мыйзамына ылайык пенсия алган жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар жана пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.

2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда:

- Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.

3. Мураскорлор:

- Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.

4. Аскер кызматкерлерине төлөө:

- Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген 63 жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.

5. Ипотекалык насыялоо:

- Ипотекалык насыя алган же алып жаткан жана «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча каражаттарды төлөгөн жарандар, ошондой эле алардын жубайлары, алардын өз үйү бар болсо дагы пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.

6. Жумушсуздук:

- Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

7. Оор ооруларды дарылоо:

- Оор дартка кабылган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат. (оор оорулардын тизмесине ылайык шилтеме).

2024-жылдын январына карата статистика:

Пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны - 195 миң 669 адам (3200,3 млн сом суммасында), анын ичинде:

- пенсия курагына жеткен жарандарга төлөө - 175,829 адам (307,15 млн. сом);
- чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге төлөө - 3 793 адам (177,1 млн сом);
- каза болгон адамдардын мураскорлоруна төлөө-10 089 адам (249,6 млн сом);
- аскер кызматчыларына төлөө - 835 адам (6,8 млн сом);
- ипотека боюнча баштапкы төгүм - 348 адам (69 млн сом.);
- ипотекалык насыяга төлөө - 4 289 адам (813,4 млн сом.);
- турак жайды ижарага алуу (“МИК” ААК каржылайт) - 58 адам (6,2 млн сом);
- расмий түрдө жумушсуз деп таанылган - 157 адам (2,5 млн сом.);
- оор оорулар - 271 адам (39,0 млн сом).

Пикир

Оставить комментарий