• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, А. Масалиев көчөсү, 32/2 дарегинде өз билемдик менен салынган ашкана буздурулду.

Жеринде ер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары менен биргеликте иш алып барышты.

Иштин жүрүшүндө 406 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду. Буга чейин жогоруда аталган объектинин өкүлдөрүнө мыйзам бузууларды жоюу жана муниципалдык аймакты бошотуу тууралуу билдирүү берилген.

Мындан тышкары, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү сулуулук салону түрүндөгү объектинин кеңейтилген тарабы өз ыктыяры менен буздурулууда.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранат, эгерде, эреже бузуу иштери катталса, мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий