• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарындагы эс алуучу жайларды дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин тапшырмасынын негизинде эс алуучу жайларын, парктарды, көчөлөрдү жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун дезинфекциялоо иштери күчөтүлгөн тартипте уланып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-май күнү Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев , ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, мэриянын тийиштүү кызматкерлери менен Токтогул Сатылганов паркта жүрүп жаткан дезинфекциялоо иштерин көрүп кайтты.

Белгилей кетсек, бул иш-аракеттер Ош шаарында жугуштуу илдеттин жайылышына бөгөт коюу максатында жүргүзүлүп жатат.

Айта кетсек, бүгүнкү күнгө карата Ош шаарынын аймагындагы 951 көп кабаттуу жана 4061 жеке менчик турак үйлөргө залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, 2020-жылдын 22-мартынан баштап бүгүнкү күнгө чейин шаардын аймагындагы имараттардын ичи 464 596 м2, имараттардын сырты 567 172 м2, жалпы 1 031 768 м2 аянтка жөө жүрүү менен жана өрттүк автоунаалардын жардамында шаардын негизги жана ички жолдоруна жалпысынан болуп 594 099 п/м жолдор залалсыздандырылды.

Пикир

Оставить комментарий