• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында 5-октябрь - Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өттү. бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, практикалык иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, ӨКМнин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Болотбек Шаршеналиев, министрликтин өздүк курамы, шаардык жарандык коргоо органдарынын жетекчилери, жогорку окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө куткаруучулар табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктар катталган учурда аткарылчу ыкмаларды көрсөтүшүп, борбордук аянттан ӨКМнин атайын техникалары өттү.

Ошондой эле "Жаш куткаруучу" сынагынын катышуучулары тарабынан жер титирөө, өрт кырсыктары катталган учурларда, жабырлануучуларды эвакуациялоо жана жабыркагандарга алгачкы жардам берүүнүн жолдору көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрүнө Ардак грамоталар жана медалдар тапшырылды.

Мындан сырткары, "Кырсыктын алдын алуу" аталышындагы мектеп окуучулардын сүрөт көргөзмөсү өтүп, эстрада жылдыздары жана «Келечек» балдар борборунун чыгармачыл тобунун катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, иш-чара табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жаралган учурунда калктын коопсуздугун камсыздоо, маалымдуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий