• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэри ЖМК өкүлдөрүн сыйлады

Аймак 0

Бишкек, 03.11.17./Кабар/. Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту.

А.Кадырбаев басма сөз маалымат алуунун, коомдук пикирди түзүүнүн ийкемдүү куралы, анын руханий жана интеллектуалдык деңгээлинин көрсөткүчү катары жашообуздун ажырагыс бөлүгү экенин билдирип, катышуучуларды кесиптик майрамдары менен куттуктады.

“Өлкөбүз өзүнүн Эгемендигине ээ болгондон бери массалык маалымат каражаттары демократиялык баалуулуктардын шарапаты менен сөз эркиндигине жетишип, өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтө алды десек болот. Эл аралык эксперттердин, серепчилердин баамында да Кыргыз Республикасында басма сөз эркиндиги баарынан жогорку тургандыгы байма-бай айтылып келе жаткандыгын баарыбыз билебиз. Кечээ эле тоталитардык системанын кучагынан чыга албай келген басмасөз бүгүн коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алган, коомдогу оош-кыйыштарды ачык, тайманбай жазып, жалпы окурмандардын сынына сунуш кылган кубаттуу куралга айланды. Бул иште Сиздердин салымдыңыздар өзгөчө экендигин Кесиптик майрамыңыздар белгиленип жаткан күндө өзгөчө белгилеп кетээр элем.

Анткени, Сиздер талыкпас эмгегиңиздер, чыгармачылык көрөңгөңүздөр, турмуштук бекем позицияңыздар менен өлкөбүздө басма сөз эркиндигин камсыз кылуу менен элибизге ак ниетиңиздерден кызмат кылып келе жатасыздар. Журналисттин чыгармачылыгы эл ишенимин жакшы жакка бурууга да, ошол эле учурда аны жокко чыгарууга да жөндөмдүү. Ошондуктан журналисттин калеми курч да, калыс да, акыйкат да болушун каалар элек”,-деди шаар жетекчиси.

Иш-чаранын жүрүшүндө, шаар мэри Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, мэриянын коомдук-саясий ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдырууну уюштургандыгы жана ак ниет эмгеги үчүн, 7-ноябрь-КРнын маалымат жана басма сөз күнүнө карата Ош шаардындагы бир катар ММКнын өкүлдөрүнө мэриянын Ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий