• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Бакиров: Айылдык мектептерди санариптештирүү учур талабы

Аймак 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакировдун демилгеси менен Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында «Билим берүүнү санариптештирүү» деген темада «тегерек стол» өткөрүлдү.

Мирлан Бакиров айылдык мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатууда КР Президенти тарабынан демилгеленип жаткан санариптештирүүнүн таасири чоң болуп жатканын белгилеп, интернеттин жардамы менен аралыктан билим берүү айылдык окуучулардын да шаардыктар жеткен мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга жол ачарын айтып өттү.

Алыскы айылдарда мугалимдердин жетишпегендиги, окутууга ылайыктуу шарттардын аз болуп жатканы, жаңыланган доордо болуп жаткан маалыматтан алыс калуу окуучулардын жетишерлик билим алуусуна тоскоол болууда. Базар-Коргон районунда 65 орто мектеп бар. Салыштырмалуу алганда шаардагы окуучуларды мындай кой, райборбордогу билим берүүнүн деңгээли айылдардыкына караганда кыйла жогору. Айылдык окуучулар жогорку окуу жайларга тапшырууда 110 баллдык чектен өтө албай калган фактлары абдан көп.

Мына ушул жагдайды жеңилдетүү максатында Мирлан Бакиров Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназия менен Кызыл-Үңкүр айылындагы Ташиев атындагы орто мектептин ортосунда онлайн режиминде карым-катнашын камсыз кыла турган пилоттук долбоорду ишке ашырууну демилгелеп жаткан. Бишкекте туруп Кызыл-Үңкүрдө сабак өтүү жолун табышкан. Алгачкы сабактар өткөрүлгөн. Келечегинде бул тажырыйбаны бүткүл республиканын мектептерине жайылтса болот.

«Тегерек столдун» жүрүшүндө мындан тышкары Ооган-Талаа айылына жаңы оорукана салуу, айылдарды таза суу менен камсыз кылуу , жолдорду оңдоо жана башка дагы ушул сыяктуу бир катар маселелер козголду.

Пикир

Оставить комментарий